Кыргызстан – Россиянын барып-келүү режими боюнча макулдашуу ратификацияланды
Новость

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы КРнын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын барып-келүү режими жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 10-июнунда Крнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. 

Аталган алмашуу ноталары Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жол жүрүү документтеринин тизмегин актуалдаштыруу каралган эл аралык келишимди түзүүгө багытталган. 

Жогоруда белгиленген алмашуу ноталарына ылайык Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына чыгуу, Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына кирүү, Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү жана болуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына кирүү, Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына чыгуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсү жана болуусу үчүн төмөнкүдөй документтер колдонулат: 

а) Россия Федерациясынын жарандары үчүн:

– Россия Федерациясынын аймагында Россия Федерациясынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү Россия Федерациясынын жаранынын паспорту;

– Россия Федерациясынын аймагынан тышкары Россия Федерациясынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү Россия Федерациясынын жаранынын паспорту;

– дипломаттык паспорт;

– кызматтык паспорт;

– Россия Федерациясына кирүү (кайтып келүү) күбөлүгү; 

б) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:

– Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы);

– Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;

– Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту;

– Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;

– моряктын паспорту (кеме ролу же андан көчүрмө болгон учурда);

– Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү.