TezJet авиакомпаниясынын учагында болгон кырсык учурунда бортто 181 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, учак учуп бара жаткан маалда арткы шассилеринин бири сынып, натыйжада учак сол канатына кыйшайып калган.
Кырсыктан кийин бардык жүргүнчүлөр авариялык слайддардын жардамы менен коопсуз эвакуацияланды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Окуянын кесепетинен учуп-конуу тилкесине авиакеросин төгүлүп, өрт өчүрүү кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүштү. Учак тилкеден чыгарылып, аймак толук тазаланганга чейин аэропорт бардык каттамдар үчүн убактылуу жабылды.
"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын маалыматына ылайык, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды.