Садыр Жапаров жана Пакистан Президенти Асиф Али Зардари Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари бүгүн, 7-июлда, анын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү.
Мамлекет башчыларын тайгандар жана алгыр куштар менен салбуурунга катышуучулар тосуп алышты.
Андан соң төкмө акындар кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.
Мындан кийин лидерлерге салттуу кол өнөрчүлүк устаканаларынан тарта боз үйдүн ички жасалгасына чейинки көчмөндөрдүн өзгөчө маданиятын жана турмушун чагылдырган инсталляциялар көрсөтүлдү.
Устаканаларды көрүү учурунда Садыр Жапаров Асиф Али Зардариге белек катары улуттук баш кийим - ак калпак кийгизди.
Этномаданий программа салттуу мелдештерди: жаа атуу, каскадер-атчандардын ат үстүндөгү парадын, алгыр куштар менен аңчылык жана байыркы тайгандардын жарышын көрсөтүү менен жыйынтыкталды.