Бишкекте 9-июлда айрым аймактарда 6 саатка муздак суу өчүрүлөт
Новость

9-июль күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында муздак суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү турак үйлөргө, билим берүү мекемелерине, бала бакчаларга, саламаттык сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге тиешелүү болот.

Муздак суу төмөнкү аймактарда убактылуу өчүрүлөт:

  • «Восток-5» кичи району;
  • Алма-Ата, Абдрахманов, Элебесов (Аул көчөсүнө чейин), Бакай-Ата, Луганск, Лермонтов, Жайыл Баатыр көчөлөрү;
  • Чоң Чүй каналынын (БЧК) аймагы;
  • Лебединовка айылынын айрым бөлүгү (БЧКдан Калинин көчөсүнө чейин Киров көчөсү аркылуу);
  • «Мадина» базары.

Мэриянын маалыматына ылайык, суу берүү шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Шаар тургундарына керектүү көлөмдө сууну алдын ала камдап алуу сунушталат.