Кечээ, 7-июлда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында мааракелик иш-чаралардын концепциясы сунушталды. Пландалган иш-чараларга этно-маданий программа, айыл чарба жана өнөр жай тармактарын көрсөткөн көргөзмөлөр, салттуу спорттук мелдештер, концерттер, жарманкелер жана башка иш-чаралар кирет.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга иш-чараларды сапаттуу даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.



