УКМК: Түп токой чарбасынын мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасындагы жооптуу кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, токой чарбасынын мурдагы директору Р.Б.М. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондунун жер тилкелерин мыйзам талаптарын бузуу менен өзүнүн жакын туугандарынын пайдасына мыйзамсыз бөлүп берген.

Мындан тышкары, ал финансы-чарбалык иштерге жооптуу кызмат адамы катары токой продукцияларын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

2026-жылдын 7-июлунда Р.Б.Мга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.