Ош облустук клиникалык ооруканасынын имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
Новость

Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда имаратты министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк филиалы текшерген.

Максаты техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо. Аталган имаратты перинаталдык борбор катары реконструкциялоо боюнча кайрылуунун негизинде адистер долбоордук жана техникалык документтерди изилдеп, негизги конструкциялык элементтерге тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле техникалык абалды баалоо үчүн зарыл болгон сыноолор өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча тиешелүү корутунду даярдалары белгиленди.ып берилет.