Чүйдө 20 миң башка чейин бодо мал бордоп семиртүүчү чарбалар уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор мекеменин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Алгачкы этапта бордого 2 500 баш бодо мал коюлат.
Долбоор этап-этабы менен кеңейтилип, жакынкы эки жылдын ичинде бордоп семиртилүүчү бодо малдын саны 20 миң башка жеткирилери пландалууда.
Министрлик бул демилге ички рынокту эт менен туруктуу камсыздоого, мал чарбачылыгынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
