Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, протоколдордун негизинде жалпы 767 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, аныкталган мыйзам бузууларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча милдеттенмелер берилди.
Белгилүү болгондой Экономика министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин Ысык-Көлдөгү башка эс алуу жайларында да пландан тышкаркы текшерүүлөр улантылат.

