Каракол капчыгайында сел суулары унаа жолду каптады
Новость

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бүгүн, 8-июлда саат 13:30 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Каракол капчыгайындагы тоо-лыжа базасына алып баруучу унаа жолу таш аралаш сел сууларына толду. Бул тууралуу ӨКМнын Ысык-Көл башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кокту-колоттордон түшкөн сел жолдун айрым тилкелерин каптап калган.

Учурда Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери сел түшкөн жерде иш алып барууда. Жолду тазалоо иштерине 1 экскаватор жана 1 грейдер тартылган.