Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызмат адамдары пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын кызмат адамдары суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
2026-жылдын 7-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкармалыктын жетекчиси менен башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалган.
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.