Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан объектилерди кыдырып, жумуштун жүрүшү менен таанышты.
Калаа башчысы алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Үмүт чырагы» адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды.
Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн заманбап эки кабаттуу имарат 250 балага ылайыкташып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулууда. Мекемеде окуу кабинеттери, гимнастика залы, логопеддин кабинети, ошондой эле контакттык зоопарк каралган. Курулуш иштерин «Артвин» ЖЧК подряддык уюму аткарууда.
Мэр гараждар демонтаждалгандан кийин бошогон аймакка дагы бир социалдык объект куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, курулуп жаткан бала бакчанын маңдайына жаңы сквер куруу пландалууда.
Андан соң Айбек Джунушалиев көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу менен таанышты. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрге жакын тогуз кабаттуу объект болжол менен 900 унаага ылайыкташкан. Долбоордо үч жер төлө жана алты жер үстүндөгү кабат каралган. Курулушту «Шерой» компаниясы жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр тиешелүү кызматтарга жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон объекттерди демонтаждоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Шаар башчысы Жал-29 кичи районундагы (Эко-Сити) чакан архитектуралык формалары бар спорттук комплекстин курулуш аянтчасына барды.
Долбоордун алкагында футбол жана балдар аянтчалары, машыгуу тренажерлору бар воркаут-зонасы, бастырма (навес) курулуп, аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле борбор калаанын башчысы Миңжылкиев көчөсүнүн реконструкцияланышы менен таанышты. Реконструкцияланып жаткан тилкенин жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоордо туурасы 8 метр болгон унаа өтүүчү бөлүктү куруу жана көчөнүн эки тарабына тең тротуарларды салуу каралган.
Айбек Джунушалиев «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына курулуш иштери жүрүп жаткан мезгилде бак-дарактарга кам көрүүнү камсыз кылууну тапшырды. Мындан тышкары, коопсуздукту жогорулатуу жана жол кыймылын жакшыртуу максатында, мэр Миңжылкыев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишине жол чырак орнотуп, жөнгө салынуучу кесилиш уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Андан соң мэр «Көлмө» конушуна барып, футбол аянтчасынын реконструкцияланышы жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери менен таанышты.
Көчмө жыйындын соңунда Айбек Джунушалиев подряддык уюмдарга жана жооптуу шаардык кызматтарга жумуштарды сапаттуу аткарууну, курулуш темпин күчөтүүнү жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

