Чүй: Байтик айылындагы жаңы сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты
Новость

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик-Баатыр айыл өкмөтүнө караштуу Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда долбоорду министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы даярдаган.

Долбоордо жалпы аянты 1600 чарчы метр болгон коомдук эс алуу аймагын заманбап талаптарга ылайык көрктөндүрүү каралган. Анда жөө адамдар үчүн брусчатка төшөлгөн жолдор, жашылдандыруу аймактары, бак-дарактар, гүлзарлар, эс алуу үчүн отургучтар, таштанды челектери жана көчө жарыктандыруу элементтери жайгаштырылат.

Жаңы сквердин курулушу айыл тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу шарттарын түзүүгө, аймактын көркүн жакшыртууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

7b549be3-c51f-41b1-a4d0-6055f602b80b.jpg 934.33 KB