TezJet авиакомпаниясынын 13-июлга чейинки бардык каттамдары токтотулду
Новость

TezJet авиакомпаниясы 8-июлдан 13-июлга чейинки пландаштырылган бардык авиакаттамдары жокко чыгарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кырсыктардын алдын алуу чарасы катары кабыл алынган.

"Жокко чыгарылган каттамдарга билет сатып алган жүргүнчүлөр авиабилеттин наркын толугу менен кайтарып алууга укуктуу. Бул үчүн билет сатып алынган туристтик агенттикке же TezJet компаниясынын кардарларды колдоо кызматына кайрылуу зарыл" деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 7-июлда TezJet авиакомпаниясынын учагы Манас аэропортунда кырсыкка кабылган. Анда учактын арткы шассилеринин бири сынып, учак сол канатына кыйшайып калган. Кырсыктан кийин жүргүнчүлөр авариялык слайддардын жардамы менен коопсуз чыгарылган.