Башкы прокуратура: Сокулук районунда жеке менчикке өтүп кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды
Новость

Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө кыймылсыз мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган. 

Тактап айтканда, 1996-жылы Манас айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жол айылында жайгашкан, жалпы аянты 1235,0 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага чектеш 5453,45 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен. Мындан сырткары бир нече жолу колдон колго сатылганы белгилүү болду.

Натыйжада жалпы баасы 48,1 миллион сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана анын аймагы толугу менен мамлекетке кайтарылды.