Бишкек шаарында жылуулук тармактарын жаңылоо иштерине байланыштуу Киев жана Раззаков көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады. Анда диаметри 219 мм жана 273 мм болгон эски түтүктөр алмаштырылды.
Ал эми 8-июлдан тартып жылуулук тармагын жаңылоонун кезектеги этабы башталат. Буга байланыштуу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет. Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүктү алмаштыруу пландалууда.
Мэриядан белгилешкендей, аталган жумуштарды аткаруу жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана 2026–2027-жылдардагы жылытуу сезонунда тутумдун туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Шаар бийлиги борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан каттамдарды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.