Каракол шаарынын Челпек аймагында сел жүрдү
Новость

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын Челпек аймагында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 8-июлда саат 16:20 чамасында Каракол шаарынын Челпек аймагынын күн-чыгыш тарабында катуу жаган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Челпек айылынын ортосу менен өтүүчү арык каналдарга батпай айылдын ички чарбалык жолдорун каптаган.

Селдин кесепетинен № 35 Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы 1 көпүрө жараксыз абалга келген жана 1 турак үйдүн чарбалык курулуштарын сел суулары каптаган. Жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге Каракол шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынан 2 экскаватор, 15 кызматкер жана ЖТИден 1 экскаватор, 1 трал, 1 жүктөгүч тазалоо иштери үчүн тартылган.

Ошондой эле Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 10 куткаруучүу 2 авариялык куткаруу унаасы 1 мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иши жүрдү. Учурда абал туруктуу.