Ысык-Көл районунун аймагында жайыт жерлерде мотоцикл менен мыйзамсыз жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин аталган облустагы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада тартип бузган жаран жоопкерчиликке тартылган. Мындан сырткары кызматкерлер тарабынан жаратылышты жана жайыт жерлерди коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.