Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолундагы "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди
Новость

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.
Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу өлкөбүздүн маанилүү стратегиялык жолдорунун бири. Анын курамындагы "Көк-Арт" туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп, узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт. 

Мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлеп туруу чоң чыгымды талап кылат. Туннелди күнү-түнү жарыктандыруу, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалар үзгүлтүксүз иштеп турушу зарыл.
Аталган төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы №134 токтому менен бекитилген. Чогулган каражат жолду тейлөөгө, оңдоого жана анын коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга багытталат.