Транспорт министрлиги Манас-Балыкчы унаа жолундагы “Көк-Арт” төлөм алуу пункту ишке киргенин маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, жол акысы мындан ары накталай эмес ыкма менен гана төлөнөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.
Чогулган каражаттар “Көк-Арт” тоннелин жана аталган жол тилкесин тейлөө, оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштерине багытталары белгиленди.
Белгиленген тариф боюнча жеңил автоунаалар үчүн жол акысы 100 сом, ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик жеңил автоунаалар үчүн 200 сом болуп бекитилди.