Бишкек–Ош унаа жолу Кара-Көл шаарынын аймагында электр берүү линиясын тартуу иштерине байланыштуу маал-маалы менен убактылуу жабылып турат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, чектөө жолдогу курулуш иштерин коопсуз жүргүзүү максатында киргизилген. Бул учурда атайын техникалар иштеп жаткандыктан, унаалардын кыймылы белгилүү убакыттарга токтотулушу мүмкүн.
Буга байланыштуу айдоочуларга сапарын алдын ала пландап, жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталды. Ошондой эле убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууга чакырышты.