Аламүдүн дарыясы таштандылардан тазаланды
Новость

Жарандардын кайрылуусунан кийин Аламүдүн дарыясын таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү жана Достук айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышты.

Маалыматка ылайык, суунун деңгээли көтөрүлгөндөн кийин тургундар тарабынан ташталган тиричилик таштандылары жээкке жана дарыянын нугуна топтолуп калган. Тазалоо иштеринин жүрүшүндө бул калдыктар чыгарылып, аймак ирээтке келтирилди.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана таштоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Экологиялык талаптарды бузган жарандарга эскертүүлөр берилди.