Ысык-Көл: Григорьевка капчыгайындагы селден жабыркаган көпүрө калыбына келтирилди
Новость

Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнү калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда маалым болду.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьевка капчыгайындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада аймактагы 5-көпүрө жараксыз абалга келген. 

Бул каттам капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Көпүрөнү кайра куруу жана калыбына келтирүү ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Садыр Аке айыл өкмөтүнүн жана “Чайна роуд” ишканасынын атайын техникалары тартылып, ыкчам тартипте аткарылды. Учурда көпүрө аркылуу каттам толугу менен ачылып, кыймыл калыбына келтирилди