Манас шаарындагы №13 мектептин курулуш иштери 60 пайызга аяктады
Новость

Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы №13 жалпы билим берүү мектебинин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда учурда курулуш иштеринин 60 пайызы аткарылды.

Объектте 70 жумушчу эмгектенүүдө. Долбоорго ылайык, мектепте окуу класстары, китепкана, спорт зал, ашкана жана окуучулар үчүн зарыл шарттар каралган.

Жаңы билим берүү мекемесин жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.