КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,"Манас" эл аралык аэропортунда "Tez Jet" авиакомпаниясынын аба кемеси менен болгон окуяга байланыштуу кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат.
Маалыматка ылайык, буга чейин кабыл алынган "Tez Jet" авиакомпаниясынын каттамдарын убактылуу токтотуу жөнүндө чечим бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктап, окуянын бардык жагдайлары толук такталганга чейин күчүндө болот.
Ошондой эле учуу коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү максатында аталган Агенттик өлкөдө башка авиакомпанияларда да кошумча инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө учуу коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышы, аба кемелеринин техникалык абалы жана пайдаланылышы, ошондой эле авиациялык ченемдер менен эрежелердин сакталышы бааланат.
Агенттик жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын жана аба кыймылынын коопсуздугу өзгөрүлгүс артыкчылык бойдон каларын белгиледи.
Жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилери маалымдалды.

