9-июлда Чүй району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүнө жеринде изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн суусунун деңгээли көтөрүлгөнү аныкталды. Ошондой эле 2025-жылы орнотулган гофрленген түтүктөрдүн бошоп, чачылып калганы белгилүү болду.
Көлдүн ашып чыккан суусу жер кыртышын жеп, көлдүн ташып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуздандыруу иштерин жүргүзүштү. Анын алкагында болжол менен узундугу 400 метр, диаметри 150 миллиметрден жогору болгон басымсыз «Корсис» үлгүсүндөгү гофрленген түтүктөр кайрадан чогултулуп, бириктирилди.
Натыйжада көлдөн ашкан суулар атайын түтүктөр аркылуу төмөн жакка багытталып, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдын алдын алуу чаралары көрүлдү.

