Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды
Новость

Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп Скаков Абылкаир Бактыбаевич дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Буга чейин Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын Рапиль Жошыбаев аркалап келген. Ал бул кызматка 2021-жылдын апрель айында дайындалган.