Бишкек шаарында авариялык кырдаалга байланыштуу айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, Чоң Чүй каналы, Анкара, Кыдыр-Аке, Оберон, Лев Толстой, М. Горький жана 7-Апрель көчөлөрү менен чектешкен аймактарда суу жок.
Учурда тиешелүү кызматтар авариянын себептерин аныктап, оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Тургундардан түшүнүү менен мамиле кылуу жана расмий маалыматтарды көзөмөлдөп туруу өтүнүлөт.