Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен операциясынын жыйынтыгында 12 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Стамбул шаарында кармалып, өлкөгө жеткирилди.
Шектүү 1990-жылы туулган А.Ш. Ал алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан адам өлтүргөн деген айып менен издөөдө жүргөн.
Тергөө маалыматына ылайык, 2014-жылдын февраль айында Бишкек - Ош унаа жолунда чыккан жаңжал учурунда такси айдоочусу М.У. каза болгон. Окуядан кийин А.Ш. өлкөдөн чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө