Талас дарыясына агып кеткен Талас облусунун Чоң-Токой айылынын тургуну Т.у.Баэлди издөө-куткаруу иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө иштерине Талас шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу, Ички иштер органдарынан 2 кызматкер жана Чек ара кызматынан 2 кызматкер тартылган. Жалпы 10 кызматкер дарыянын жээгин жана жаран болушу мүмкүн болгон аймактарды кылдат текшерип, издөө иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, 2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган өспүрүм Талас дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери активдүү улантылып келген.
27-июнда өспүрүмдү издөө учурунда ӨКМдин куткаруучусу Аскар Казыбеков каза болгон.