Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн кесиптик квалификацияны жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар жана практикалык сунуштар сунушталды:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле айрым жеке жактардын Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды өз убагында жана сапаттуу талдоо;
– маалыматтык системалар жана жеке маалыматтар менен иштөөдө киберкоопсуздукту камсыздоо жана кибержоопкерчиликти жогорулатуу;
– кызматтык милдеттерди аткарууда коррупцияга каршы КРдин мыйзамдарынын талаптарын туура колдонуу.
Семинарда салык декларацияларындагы маалыматтарды тобокелдиктерге негизделген ыкма менен талдоо, маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактоо, жеке маалыматтарды коргоо жана кызматтык ишмердүүлүктөгү коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Анын негизги максаты – салык органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, маалыматтык коопсуздук маданиятын чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык башкарууну өркүндөтүү болуп саналат.
Мамлекеттик салык кызматы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, салыктык башкарууга заманбап ыкмаларды киргизүү, ошондой эле салык органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана натыйжалуулукту камсыздоо боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантат.




