Ысык-Көл: Темир айылында сел өтүүчү канал курулуп жатат
Новость

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Садыр-Аке айыл аймагындагы Темир айылында сел өтүүчү каналдын курулушу уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, каналдын жалпы узундугу 2040 метрди түзүп, анын нугуна 11 ички көпүрө курулат.

Долбоор толугу менен ишке ашырылгандан кийин Темир айылындагы 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек–Каракол унаа жолунун 600 метрлик тилкеси сел коркунучунан корголот. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.