2026-жылдын 10-июлунда Asman Airlines авиакомпаниясы Kompas туроператору менен биргеликте 2026-жылкы жайкы сезондогу Алматы - Тамчы - Алматы багыты боюнча алгачкы эл аралык каттамды ийгиликтүү аткарды. Бул каттам Казакстан менен Кыргызстандын туристтик байланышын бекемдеп, Ысык-Көлгө жайкы туристтик сезондун расмий башталганын белгиледи.
Алгачкы рейстин жүргүнчүлөрүн “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда өзгөчө жылуу маанайда тосуп алышты. “Кыргызстан аэропорттору” ААК уюштурган салтанаттуу аземдин алкагында улуттук кийимчен кыздар конокторду кыргыз элине мүнөздүү меймандостук менен тосуп алып, аларга улуттук колоритти тартуулашты.
2026-жылкы жайкы программага ылайык, Тамчы – Алматы – Тамчы багыты боюнча каттамдар сентябрь айына чейин жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Бул каттамдар эки өлкөнүн ортосундагы аба байланышын кеңейтип, туристтер үчүн Ысык-Көлгө жетүүнү дагы да ыңгайлуу жана тез кылат.
Asman Airlines менен Kompas туроператорунун кызматташуусу жайкы туристтик сезонду өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туристтик агымды көбөйтүүгө багытталган.







