Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 34 куб метр пиломатериал артка кайтарды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы текшерүү жүргүзгөн.
Анда жүктү өлкө аймагына алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптар бузулгандыгы аныкталган.
Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык, жүк кайра жөнөтүлгөн.