Кичи Суусамыр жайлоосунда рейд учурунда үч мыйзам бузуу фактысын аныкталды. Рейдди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу,Чүй аймактык башкармалыгынын токойчулары NABU Kyrgyzstan уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери менен биргеликте өткөрүштү.
Тактап айтканда, эки жарандан эки сайлуу курал алынып 10 000 сом өлчөмүндө ар бирине протокол түзүлдү. Мындан тышкары бир жаранга балык уулоодо синтетикалык тор колдонгондугу үчүн 5 500сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырып, рейд улана тургандыгын билдирди.