Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын ишин көзөмөлгө алганын билдиррген эле.
Эске салсак, 7-июлда TezJet авиакомпаниясынын учагы Манас аэропортунда кырсыкка кабылган. Анда учактын арткы шассилеринин бири сынып, учак сол канатына кыйшайып калган. Кырсыктан кийин жүргүнчүлөр авариялык слайддардын жардамы менен коопсуз чыгарылган.
8-июлда авиакомпания 13-июлга чейинки бардык каттамдар токтотулганын кабарлаган эле.
Жарандык авиация агенттиги окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча расмий иликтөөнү баштаган. Ошондой эле авиакомпанияга карата пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарынын учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу талаптары бузулганы аныкталган.
Ушуга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мыйзамда каралган тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу Жарандык авиация мамлекттик агенттиги үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат. Учуулардын коопсуздугуна коркунуч жараткан ар бир эксплуатантка карата авиакомпаниянын аталышына, канча жылдан бери иштеп жатканына же авиация тармагындагы ордуна карабастан эң катуу чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын бардык авиакомпанияларына пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Текшерүүнүн жүрүшүндө авиациялык мыйзамдардын жана учуулардын коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышына баа берилет.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. Күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Расмий иликтөөнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чаралар тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.