1-сентябрда Бишкекте эмгек акыны сактоо менен дем алыш болот. “Бишкек Арена” жалпы элдин катышуусунда чоң салтанат менен сентябрдын аягында расмий ачылат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Билдирүүнүн тексти:
Урматтуу достор,
Министрлер Кабинетинин Токтому менен үстүбүздөгү жылдын 1-сентябры Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн дем алыш күн деп белгиленди.
Бул күнгө каралган эмгек акылар толугу менен сакталат.
Ушундай эле сунуш Бишкек шаарынын аймагындагы жеке компания, ишканаларга да берилди.
Аталган Токтом Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында кабыл алынды.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев башында турган өлкөбүздүн эгемендигинин 35 жылдыгын майрамдоону уюштуруу комитетине 31-августта Кыргызстандын аймактарында концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруу, эс алуучу жайларга бул күнү жарандар үчүн жеңилдиктерди карап көрүүнү тапшырды.
Урматтуу достор,
“Бишкек аренанын” курулушу башталгандан тартып эле Борбор Азиядагы эң чоң стадион деп жамы журтубуз сыймыктануу менен айтып келет.
Анын бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп, өз көзүм менен барып көрөт элек деп дегдеген мекендештерибиз дагы көп экенин билебиз. Чындыгында эле бул стадион баарыбыз үчүн чоң сыймык!
Бирок 31-августта бул стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы гана өтөт. Оюнга катышкан командалар парады өлкө башчыларынын катышуусунда өтүп, чакан коцерттик программа эле тартууланат.
Жогоруда белгилегенимдей, биздин сыймыгыбыз болгон “Бишкек аренабыздын” расмий ачылыш салтанаты жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда сентябрдын аягына чейин шаан-шөкөт, эстрада жылдыздарынын концерти менен өтмөкчү.
Анткени өлкө жетекчилигинде “ушул сыяктуу ири имарат болобу, чоң долбоор болобу ар бир кыргызстандыктын салымы бар, ошондуктан жалпы журттун катышуусунда жакшынакай майрамдык маанайда өтүшү керек” деген изги тилек бар.
Андыктан стадиондун ачылышы баарыңыздардын катышууңуздар менен өзүнчө чоң салтанат, өзүнчө шаң менен болот.
Демек, өлкө сыймыгы боло турчу имарат жумурай журттун бата-тилеги менен ачылганы туура деп эсептейбиз.