Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
“Улуу Даражанын ээси, маркум атаңыз шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Шейх Хамад бин Халифа Аль Тани Катар Мамлекетинин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.
Шейх Хамад өзүнүн даанышмандыгы, камкордугу жана боорукердиги менен ар дайым дүйнөгө үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.
Улуу Даражалуу, Сизге жана Катар Мамлекетинин боордош элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.