Нарын облусунун Ат-Башы районунда сел жүрдү
Новость

12-июлда саат 20:30 чамаларында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен Ат-Башы районунун  Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан сел жүрдү. 

Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын алдын ала маалыматына караганда тоодон агып түшкөн кыян суулардан турак жайларга зыян келтирилген эмес. Агып кеткен унаадагы адам куткарылган.

Ат-Башы-Өзгөрүш жолу жабылды. Сел каптаган аймакка  куткаруу жана тактоо иштерине Ат-Башы айыл өкмөтүнөн 2 техника, жергиликтүү бийлик жана №45 райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды.  

Кошумча маалымат берилет