Бишкектин айрым аймактарында эки күнгө суу өчүрүлөт
Новость

Бишкектин айрым аймактарында 14-июлдан 15-июлга чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Чектөө мөөнөтү:
  14-июль саат 09:00дөн баштап
  15-июль саат 08:00гө чейин.

Суу берилбей турган аймактар:

  •  Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин); 
  •  6-кичи район; 
  •  5-кичи райондун бир бөлүгү; 
  •  8-кичи райондун түштүк тарабы (бул жерде суунун басымы төмөндөйт); 
  •  Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3 турак жайлары; 
  •  Орто-Сай-2; 
  •  Сары-Өзөн; 
  •  Француз кварталынын батыш тарабы; 
  •  Газпром мектеби; 
  •  Асанбай 40/1. 

Тургундарга алдын ала керектүү өлчөмдө суу камдап алуу сунушталат.