13-июлда Бишкекте аба ырайы өтө ысык болот. Түнкүсүн абанын температурасы +20…+22°С, ал эми күндүз +34…+36°С чейин көтөрүлөт. Түштөн кийин айрым аймактарда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 14 м/секундга чейин жетет.
Өлкө аймактарындагы аба ырайы:
- Чүй облусу: түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +31…+36°С.
- Талас облусу: түнкүсүн +16…+21°С, күндүз +29…+34°С.
- Баткен облусу: түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +31…+36°С.
- Ош жана Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +19…+24°С, күндүз +32…+37°С.
- Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +11…+16°С, күндүз +23…+28°С.
- Нарын облусу: түнкүсүн +8…+13°С, күндүз +21…+26°С.
Синоптиктер күндүн ысыгынан сак болууга, мүмкүн болушунча көлөкөдө жүрүүгө жана көбүрөөк суу ичүүгө кеңеш беришет.