"Менин шаарым" тиркемесине "Түнкү каттамдар" функциясы кошулду
Новость

Бишкек шаарындагы "Санариптик технологиялар борбору"  муниципалдык ишканасы шаар тургундары жана коноктору үчүн санариптик кызматтарды кеңейтүүнү улантууда.

"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Түнкү каттамдар" кызматы ишке киргизилди. Анын жардамы менен колдонуучулар түнкү убакта каттаган коомдук транспорт тууралуу маалыматты тез жана ыңгайлуу ала алышат.

Жаңы бөлүмдө түнкү автобус каттамдарынын тизмеси жайгаштырылып, колдонуучулар өздөрүнө ылайыктуу багытты алдын ала тандай алышат.

Учурда түнкү режимде №3, №13, №16, №19, №35, №45 жана №55 автобус каттамдары жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Жаңы функция өзгөчө кечки же түнкү убакта үйүнө кайткандарга, түнкү нөөмөттө иштегендерге, жакындарын тосуп же узаткандарга, ошондой эле жолун алдын ала пландаштырууну каалаган шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу.

Кызматты колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесин ачып, "Транспорт" бөлүмүнө өтүп, андан соң "Түнкү каттамдар" бөлүмүн тандаңыз.