Таласта 60 жаштан өткөн тургундар үчүн акысыз медициналык кароо уюштурулат
Новость

Талас облусунда 60 жаштан жогорку курактагы тургундар үчүн акысыз медициналык кароо кайрадан өткөрүлөт.

Иш-чара КР Президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн, облустук саламаттыкты сактоо борборунун демилгеси жана «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен уюштурулууда деп айтылат маалыматта

Акысыз медициналык кароонун үчүнчү этабын «ҮЗҮР» коомдук кайрымдуулук фонду өткөрөт.

Медициналык текшерүүлөр төмөнкү күндөрү жана даректерде өтөт:

 18–19-июль
Манас району, Семетей айылы
№1 Үй-бүлөлүк дарыгер тобунун имараты

 20–23-июль
Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы
Жалпы дарыгерлик практика борборунун имараты

 Кабыл алуу убактысы: 08:00дөн 17:00гө чейин

Бишкек шаарынан келген тажрыйбалуу дарыгерлер тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп, ден соолукка байланыштуу керектүү кеңештерди беришет.

Медициналык адистердин курамы жана кабыл алуу тартиби тууралуу кошумча маалымат жакын арада жарыяланат.

Уюштуруучулар жарандарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маалыматты улгайган жакындары менен бөлүшүүгө чакырат.