Ат-Башыда сел агызган унаадан аман калган жаран окуяны айтып берди
Новость

Ат-Башыда 12-июлда жүргөн сел 80 бал челекти, бир атты, бир контейнерди жана айдоочусу менен бир унааны агызып кеткен. Унаа болжол менен эки чакырымдай агып барып токтогон. Айдоочу өз убагында унаадан чыгып кетүүгө үлгүрүп, аман калган.

Айдоочу Тилек Эркинбек уулу учурда абалы жакшы экенин жана эч кандай жаракат албаганын билдирип, окуя кандай болгонун айтып берди.

"Мен машинаны айдап чыкканча эле сел агызып кетти. Анан сууга секирип, жээкке чыктым. Мен чыккандан кийин машина агып кетти. Азыр барып көрүп келдик, машина токойдо экен. Биринчи эмне болгонун түшүнбөй, бир топко чейин эсиме келе албай калдым. Бул сайда мурда кичине эле суу акчу. 7-8 жылдан бери ушул жерде жашайбыз. Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес. Эч жерим жабыркаган жок", - деди ал.

Учурда сел каптаган аймакта Жарандык коргонуу кызматы жана тиешелүү мекемелер селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.