Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга белектер тапшырылды.
Бул кайрымдуулук акциясы Биринчи айымдын демилгеси менен жыл сайын уюштурулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдарга көңүл буруу, камкордук көрсөтүү жана майрамдык маанай тартуулоо максатын көздөйт.
Быйыл “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат. Алар үчүн сапаттуу эс алуу, ден соолугун чыңдоо, чыгармачылык жана спорттук иш-чараларга катышуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Белектерди тапшыруу аземи балдар үчүн жагымдуу маанай тартуулап, жайкы эс алуунун унутулгус ирмемдеринин бири болду.

