Кыргызстанда аба ырайы кескин ысып, айрым аймактарда +43°ка чейин жетет
Новость

Кыргызстанда 14–18-июль күндөрү абанын температурасы кескин жогорулап, айрым аймактарда +43 градуска чейин жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Синоптиктердин божомолу боюнча, 14–18-июль аралыгында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы +38…+40 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми 16–18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде аптаптуу ысык +41…+43 градуска чейин жетиши мүмкүн.

ӨКМ жарандарды күндүн түз нурунан мүмкүн болушунча алыс болууга, көп суюктук ичүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында сугарып турууга чакырат.