"Ала-Тоо Резорт" долбоору 13-июлда Бишкекте потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды.
Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу, инженердик инфраструктураны даярдоо, суу жана электр тармактарын тартуу, ошондой эле долбоорлоо иштери тууралуу маалымат берилди.
Инвесторлор архитектура, жарыктандыруу концепциясы жана чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча сунуштарын айтып, соңунда тараптар келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
