Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2,9 миңден ашуун жаран санаторий-курорттук дарылоодон өттү
Новость

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өзгөчө камкордукка муктаж жарандарды  санаторий-курорттук дарылоо менен камсыздоо иштерин улантууда.

2026-жылдын 1-июлуна карата санаторий-курорттук дарылоодон 2 906 жаран өттү.

 Алардын ичине;

 I топтогу майыптыгы бар 674 адам,

 II топтогу 2 013 адам жана III 

топтогу 219 адам ден соолугун чыңдады.

Дарылоо республиканын үч санаторий-курорттук мекемесинде жүргүзүлдү. "Көгүлтүр Ыссык-Көл" санаторийинде 1 950 адам, К. Мамакеев атындагы санаторий-профилакторийде 726 адам, ал эми "Воронцовка" санаторийинде 230 адам дарылануудан өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы 3 251 санаторий-курорттук жолдомону сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Алардын алкагында "Воронцовка" санаторийи менен 687 орунга, К. Мамакеев атындагы санаторий-профилакторий менен 2 564 орунга келишимдер түзүлгөн.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды  реабилитациялоо, ден соолугун чыңдоо жана жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.