Бүгүн, 13-июлда саат 16:00 чамасында жааган кыска мөөнөттүү нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын аталган облустагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда жаратылыш кырсыгы Айры-Там айыл аймагына караштуу Совет-Сай айылындагы "Ак-Ата" сел сайында катталган.
Сел суулары өз нугунда агып өткөн жана турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга зыян келген эмес.