Кочкор-Ата шаарында сел жүрүп, унаа кыймылына кыйынчылык жаратты
Новость

13-июлда саат 19:30 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында колоттордон түшкөн сел суулары Дыйканов жана Молодежная көчөлөрүн каптап, унаалардын кыймылына убактылуу кыйынчылык жаратты.

ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ноокен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, абалга баа берүү жана кесепеттерди жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда кырдаал көзөмөлдө.